Суу
Суу — суутек менен кычкылтектин туруктуу химиялык бирикмеси. Суунун 36 изотоптук түрү бар. Мол. массасы 18,0160. 1500°С температурада молекуласы ажырайт.
Кадимки шарттарда жыты, даамы жана түсү жок суюктук. Сууда көпчүлүк заттар жакшы эригендиктен, табиятта таза химиялык суу кезикпейт. Андагы эриген заттын түрүнө жараша суу тузсуз, туздуу жана өтө туздуу болуп айырмаланат. Айрым физика-химиялык касиети боюнча башка суюктуктан айырмаланып, тоңгондо тыгыздыгы төмөндөп, көлөмү кеңейет, эригенде тарыйт.
Жер бетинин 3⁄4 бөлүгүн суу каптайт. Жердеги тирүү организмдердин бардык физиологиялык процесстери суунун катышуусунда жүрөт. Адамзат үчүн энергия булактарынын бири, жылуулук ташыгыч ж.б. функцияларды аткарат.
Жакшы эриткич. Газдар суу менен химимялык реакцияга кирип, жакшы эрийт. Алар начар электролит. Заттар сууда эриши гидратташуу жана гидролизге учурашы менен кошо жүрөт. Сууда көпчүлүк туздар, кислоталар, щёлочтор эрийт.
Кычкылтек атому сууну кычкылдатат (Н2О + О = Н2О2). Щёлочтуу жана щёлочтуу жер металлдары менен реакцияга кирет. Азот жана суутек менен реакцияга кирбейт. Жогорку температурада көмүртек менен реакцияга кирип, суу газын пайда кылат: С + Н2О = СО + Н2. Суу көпчүлүк негиздик жана кислоталык оксиддер менен кошулуп, тиешелүү негизди жана кислотаны пайда кылат. Ө. ж-нда суунун чексиз углеводород менен болгон реакциясы спирт, альдегид, кетонду алуунун негизи болуп эсептелет.
Физиологиялык ролу
Организмде суунун белгилүү санда туруктуу болушу — тиричиликтеги зарыл шарттардын бири. Организм керектөөчү суунун саны жана андагы туздун курамы өзгөрсө, тамак сиңирүү, кандын пайда болушу жана башка процесстер бузулат. Суусуз организм менен айлана-чөйрөнүн ортосунда жылуулук алмашуу, дененин туруктуу температурасын сактоо мүмкүн эмес. Адам суусуз бир нече күн жашай алат. Эгер ал 1—1,5 л суу жоготсо чаңкай баштайт, дене салмагынан 6—8%га жакын суусун жоготсо, жарым-жартылай эстен танат, 10% суу жетпесе, галлюцинация болуп, жута албай калат, ал эми 12%дан ашык жетпесе, өлөт. Кишилер иштеген ишине, чөйрө шартына жана тамак-аштагы туздун санына жараша орто эсеп менен күндө 2ден 4 лге чейин суу ичет. Суткалык орточо керектөө — 2,5 л. Сууну ашыкча ичүү жүрөк-кан тамыр системасына күч келтирип, көп тердетет, тер менен кошо туздар чыгат жана организм алсызданат. Ичүүчү 1 л сууда 0,02ден 2 гга чейин минерал заттар болот. Алар организмдин физиологиялык процесстеринде чоң роль ойнойт. Мисалы, сууда фтор жетишпесе тиш чирийт, ашык болсо ал карарып, тактар пайда болот. Сууда кальций, магний, темир туздары көп болсо шордуу суу деп аталат. Анда жашылча, эт жакшы бышпайт, чай жакшы чыкпай, даамы да болбойт, кир жууганда самын жакшы көбүрбөйт. Үй шартында шордуу сууну жумшартуу үчүн кайнатуу керек. Эгерде сууда темир көп болсо суунун түсү өзгөрүп, темир даамданат, аны кайнатканда идиште кызыл күрөң кебер пайда болот. Сууга жугуштуу оорунун козгогучу түшсө (мисалы, ич келтенин таякчасы агын сууда 183 күнгө чейин, дизентериянын таякчасы 92 күнгө чейин жашайт), алардын таралышына шарт түзөт. Суунун сапатын баалоодо адам сезүү органдары аркылуу сезген анын температурасы, тунуктугу, жыты, даамы, шордуулугу кыйла маанилүү. Биздин өлкөдө ичүүчү суунун сапатын санитария-эпидемиологиялык станция көзөмөлдөйт. Суу жалаң гана ичүү, чарбалык-тиричилик жана өндүрүш үчүн эмес, анын ден соолук, эстетикалык жана спорт үчүн да мааниси чоң. Суунун жетишсиздиги экономикалык, техникалык процесске терс таасир этет. Анын айыл чарба жана өнөр жай үчүн мааниси баа жеткис. Мисалы, 1 талаа эгин өстүрүү үчүн 1000 м³, 1 табак күрүч үчүн 4000 м суу талап кылынат.
Булактар
- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
- Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
- Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8